Ага Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев катышты. Конференциянын катышуучулары мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн иш жүзүндө алган билим деңгээли жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына дал келбей жатканын айтып, мектептерге бирдиктүү мамлекеттик бүтүрүү сынагын киргизүүгө мезгил жеткенин баса белгилешти.
Ошондой эле каржылоо усулунун да өз деңгээлинде иштебей жатканы, мугалимдердин маянасын жогорулатуу, окуу китептерин балдар түшүнгүдөй жөнөкөй жана так тилде жазуу сунушталды. Китептердин мазмуну менен сапатын жакшыртуу, окуучуларды китеп менен толук камсыз кылуу тууралуу жөндүү пикирлер айтылып, билим берүү тармагындагы абалды жакшыртуу жаатында бир катар алгылыктуу сунуштар берилди.