Мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарындагы мектептер жакын жайгашкан көчөлөргө жол белгилери түшүрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолдорго белгилерди түшүрүү иштеринде термопластикалык материалдар колдонулду. Белгилер шаардын Свердлов жана Ленин райондорунун төмөнкү мектептери жайгашкан жолдорго коюлду:
Бах көчөсүндө жайгашкан №55, 72, 93-орто мектептердин, Л.Толстой көчөсүндөгү №7, 44-жаш техниктер мектебинин, Ак-Өргөө жаңы конушундагы Ашар көчөсүндө жайгашкан №77, Арча-Бешик жаңы конушундагы №79, Абай көчөсүндөгү №61, Интергельпо көчөсүндөгү №22, Бакай-Ата жаңы конушундагы №85, Гоголь көчөсүндөгү №4, 65, Москва көчөсүндөгү №11, Токтогул көчөсүндөгү №68, Тыналиев көчөсүндөгү №80, Жаш Гвардия бульварындагы №8, 29 жана Тынчтык кең көчөсүндөгү №58-мектептин алдына.
Ошондой эле Биринчи Май жана Октябрь райондорунун төмөнкү мектептеринин алдына жол белгилери орнотулду: Ахунбаев көчөсүндөгү №47, 60, 26, 88, Сүйөркулов көчөсүндөгү №17, Сухэ Батор көчөсүндөгү №39, Айтиев көчөсүндөгү №63, Куттубаева көчөсүндөгү №56, Юнусалиев көчөсүндөгү №20, 37, Кара-Жыгач жаңы конушундагы №91, Касым жаңы конушундагы №83, Көлмө жаңы конушундагы №78, Ак-Босого жаңы конушундагы №81, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №28, 67, 70 жана музыкалык мектеп-интернатынын, Фучик көчөсүндөгү №54, Москва көчөсүндөгү №13, Рухий-Мурас жаңы конушундагы №92, Чүй кең көчөсүндөгү №52, Дэн Сяопин көчөсүндөгү №50, 15, Жибек Жолундагы №1-мектептин алдына.
Андан тышкары мектептерге жакын жайгашкан жолдорго “Балдар!”, “Ылдамдыкты чектөө”, “Өтүүчү жол” белгилери орнотулду.