26-29-сентябрда Бишкекте азык-түлүк жана айыл чарба продукциялары боюнча Эл аралык “АгроПродЭкспо-2014” көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара аталган мекеме жана КРнын Айыл чарба министрлиги тарабынан уюштурулууда. Көргөзмө-жарманкеге 7 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана 60ка чукул компаниянын катышуусу пландалып жатат.
Мындан тышкары анда төмөнкү продукциялар көрсөтүлөт:
- Тамак-аш;
- Алкоголсуз жана алкоголдук ичимдиктер;
- Айыл чарба продукциялары;
- Айыл чарба техникасы;
- Таңгактар, жабдуулар жана технологиялар;
- Тамак-аш продукцияларын өндүрүүчү технологиялар;
- Тамакка даам берүүчү кошумча каражаттар.
Иш-чарада катышуучулар үчүн сынактар, мастер-класстар, презентациялар жана дегустациялар да өткөрүлөт.