Түндүк Африкада 1400 адамдын өмүрүн алган Эбола вирусу Конгого жеткени айтылууда

Африканын батышында жайылып жаткан Эбола лихорадкасынан улам көз жумган адамдардын саны 1427ге жетсе, дагы 2600ү жуктуруп алган. Дүйнө салгандардын арасында бейтаптарды көзөмөлдөө учурунда вирусту жуктуруп алган дарыгерлер да бар. 

Лихорадканын очогу ушул жылдын февраль айында Гвинея өлкөсүндө пайда болуп, кийинчерээк коңшусу Сьерра-Леоне менен Либерияга тараган. Июлда вирустун Нигерияга жеткени айтылса, азыр Конго мамлекетине жеткени маалым болду. Бул тууралуу 24-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Конгонун саламаттыкты сактоо министри Феликс Кабанге Нумби эки адамда вирус табылганын белгилеп, буга чейин каза болгон 11 адам да бул илдетке чалдыгып көз жумушу мүмкүндүгүн айткан. Азыркы тапта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму конголуктардын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн лабораториялык тесттин жыйынтыгын күтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jasi
2014-08-25 10:07:09
Кудай сактасын. Эмнелер эле болуп баратат дуйнодо
0
elhan2009
2014-08-25 10:20:34
Аллах озу сактасын
0
dastan_nookat
2014-08-25 10:42:09
Кудайым озу сактасын!
0
Tynchtyk_07
2014-08-25 20:27:25
менимче 'массон'дор дагы бир вирус чыгарышкан....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан