Ош шаарында Эгемендүүлүк майрамына карата веложарыш өткөрүлдү

Бүгүн, 25-августта Ош шаарындагы Өчпөс оттун алдында веложарыш өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, вице-мэрлер Ильичбек Эргешов, Замирбек Аскаров жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов баш болгон 300гө чукул адам катышты.

Анда бир катар жетекчилер веложарышты өткөрүүнүн максаты сергек жашоого үндөө экенин айтышып, веложарышта минген велосипеддерин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга беришти.

Айта кетсек, веложүрүштүн жүрүү тартиби боюнча катышуучулар борбордук аянттан тартып Нурматов, Тилеке баатыр, Монуев, Масалиев көчөлөрү менен көпүрөнү айланып Өчпөс оттун жанына келишти. Ошондой эле массалык жарышты Жаштар комитети жана Дене тарбия жана спорт комитетинин адистери коштоп жүрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан