27-29-август күндөрү Бишкекте “Таза тиш” акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта маалымат жыйынында Бишкек шаары боюнча Саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Амангелди Мурзалиев билдирди.
Анын айтымында, мындай акция 2011-жылдан тарта өтүүдө. “Эң биринчи иш-чарабызда 3,5 миң адам келген. Андан соң бул сан жылдан-жылга өсүп жаткандыгын байкап жатабыз. Мисалы, 2013-жылы 5,5 миң адам тиштерин текшертишкен. Алардын 75 пайызында тиш оорулары аныкталып, дарыланууга жөнөтүлгөн”,- деди ал.
“Жарандар шаардагы 5 стоматологиялык поликлиникада, жаңы конуштардагы ФАПтарда жана Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо акысыз текшерүүдөн өтүп, кеңеш ала алышат”,- деп түшүндүрдү Мурзалиев.