Ош шаарынын аймагында кыймылдуу мүлккө төлөнүүчү салыкты 1-сентябрга чейин бүткөрүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Ош шаардык салык башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, шаардагы транспорттордун салык төлөө эрежелери аяктап калганына байланыштуу Ош шаардык салык башкармалыгы жарандарга эскертет: автотранспорттук каражаттардын ээлеринин салыкты төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияларын текшерүү иштери жүрүп жатат. Текшерүү иштери Ош шаардык салык башкармалыгы жана МАИ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.