Дагестандын “Plug and Play Dagestan” ойлоп табуу бизнес-борборунун мүчөсү Эльдар Калычевдин мусулмандар үчүн жасаган электрондук жайнамазынын бет ачары болду. Маалыматты бүгүн, 25-августта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Бул жайнамаз ар бир окулган намаздагы рекеттерден жаңылбоого жардам берип, курандын "Фатиха" сүрөсү менен башталат. Жайнамаз заманбап технологиялардай эле сенсордук басылмалар аркылуу иштеп, намаз убагында ар бир кадамды эске алып турат. Эгерде намаз учурунда кандайдыр бир жаңылуу болсо, жайнамаз атайын титирөө белгиси менен маалымат берип, оңдоого жардам берет.