Үстүбүздөгү аптада Кыргыз Республикасынын 16 жаштан жогорку курактагы жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иши башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 28-29-август күндөрү өзүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырууну ЖКнын спикери, вице-спикерлер, 5 партиянын лидерлери, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, Жогорку Соттун судьялары, Конституциялык палатанын судьялары, башкы прокурор, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын губернаторлору тапшырат. Андан кийин маалыматтарды чогултуу министрликтерде жүргүзүлөт.