Борбор калааны көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузган дарыкананын жетекчилигине эскертүү берилди. Бул тууралуу 25-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги рейддин жүрүшүндө Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Элай» дарыканасынын кызматкерлери тарабынан санитардык талаптарды бузууларды аныкташкан.
Дарыкананын кызматкерлери кургак таштандыларды баш аламандыкта жыюу менен шаарды көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузушкан. Рейддин жыйынтыгында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, дарыкананын жетекчилигинин атына эскертүү берилди.