Ош облустар аралык онкологиялык борборуна рак ооруларын тез аныктоочу жабдыктар алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта аталган борбордон билдиришти.
Маалым болгондой, көкүрөк дартын аныктоочу 5 миллион сомдон ашуун каражатка санариптик маммограф аппарат жана 3 миллион сомдук УЗИ аппараты алынып келинди.
Буга чейин көкүрөк ооруларын аныктоо үчүн 3-4 күн убакыт керектелген болсо, жаңы аппараттар менен бир күндө аныктоого болот.
Белгилей кетсек, аталган онкологиялык борбор өлкөнүн түштүк аймагын бүт тейлеп келет.