Биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдуулар текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган мекеменин кызматкерлери жабдууларды кантип колдонуу керектигин үйрөнүшүүдө. Алар биометрикалык маалыматтарды чогултууда мобилдик жана стационардык топтордун операторлору болуп иштешет.
Каттоо кызматынын жана “Гезике энд Девриент” (“Giesecke & Devrient”) уюмунун келишимине ылайык, аталган уюм маалыматтык баннерлерди жана кагаздарды чыгарууга даяр.
Айта кетсек, биометрикалык маалыматтарды (жарандын 10 манжасынын изи, санариптик сүрөтү, колу) чогултуу 27-августта башталат.