Кыргыз аскерлеринин катышуусундагы “Тынчтык миссиясы-2014” террорчулукка каршы окуулары башталды

Кытайдын Чжужихэ аскер полигонунда террорчулукка каршы эл аралык окуулар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта КРнын Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарада Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын 7 миңдей аскери катышмакчы. Окууларга Кыргызстан тарабынан 500гө жакын аскер кызматкери барды.

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Жаныбек Капаровдун айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты - тынчтыкты сактоодо керектүү ыкмаларга ээ болуу. “Жаңы тарыхта ШКУнун мамлекеттери террорчулуктун ар кандай түрлөрү менен кезигишкен. Экстремисттер уюштурган массалык тополоңдорго да, куралдуу жоочуларга да күбө болгонбуз”,- деди ал.

Айта кетсек, “Тынчтык миссиясы-2014” аттуу окуулар 24-29-август аралыгында Кытайдын аймагында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ganibal87
2014-08-25 17:16:16
Алга кыргыз армиясы
0
Ala-Tooluk.Jigit
2014-08-25 19:45:43
Эй кыргыз армиясы кафирлерге малай күн карама болгондун ордуна. Мусулман бир туугандарыңарга жардам колун созгула. Ошондо эки дүйнө бактылуулука жетишесиңер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан