Бишкекте короонун темир тосмосу үй ээсинин өз ыктыяры менен алынды
Бишкек шаарынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан Токтоналиев
көчөсүндөгү 19-б дареги боюнча жайгашкан жер тилкесин муниципалдык жердин
эсебинен 17 чарчы метрге кеңейтип алуу фактысы аныкталган. Түшүндүрүү иштеринен
кийин үй ээси өз ыктыяры менен мыйзамсыз курулган темир тосмону алып салды
жана жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз
кызматы кабарлады.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Мэриянын басма сөз кызматы