24-25-август күндөрү Кыргызстанда аба ырайынын ысыктыгы боюнча акыркы 30 жылдагы эң жогорку көрсөткүч катталды. Көлөкө аймактарда абанын температурасы 38-39 градус болсо, ачык жерлерде 40 градуска чейин жетип жатты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык жарандарды өрт кырсыгын болтурбоого, бул үчүн эс алууда, тоо-токойлордо жүргөндө этият болууга чакырат.
Кошумчалай кетсек, 26-28-август аралыгында абанын салкындоосу күтүлүүдө.