Быйыл Ош шаарынын мектептеринде орус тилдүү мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Ош шаарындагы мектептерге жалпысынан орус тили боюнча сабак берген 45 мугалим жетишпейт. Бул маселе быйыл 1-класска келген окуучулардын көптүгүнөн кошумча класстардын ачылуусунан улам келип чыккан.