1-сентябрда 74 миң окуучуга эсептелинген Бишкектеги мектептерге 111 миң окуучу барат

Бүгүн, 26-августта Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин башчысы Сауле Мейрманова журналисттер менен жолугушуу учурунда "1-сентябрда шаардагы мектептерге 111 миң окуучу барат" деди.
Анын айтымында, шаардын мектептери 74 миң окуучуга гана эсептелинген. "Учурда бир топ мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал эми №25-мектеп авариялык абалда, кайра курулушу керек",- деди ал.
Мындан тышкары ал Бишкекте мугалимдердин жетишсиздигин баса белгиледи. "Педагогдорду даярдоо багытында иш жүргүзүү керек. Бүгүнкү күнү жаш мугалимдер долбоорлор аркылуу келип жаткандыгын байкап жатабыз",- деп кошумчалады С.Мейрманова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан