7-сентябрь күнү Түштүк Кореянын Сеул шаарында КРнын Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына иш-чараны уюштуруп жаткан Кореядагы "Биримдик" коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Нурсултан Алтыбаев билдирди.
Анын айтымында, салтанат спорттук оюндар жана концерттик программа менен коштолот. Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүктү алганга чейинки тарыхы тууралуу баяндамалар окулат жана мамлекетти түптөөгө салым кошкон инсандар жөнүндө видеотүрмөктөр көргөзүлмөкчү.