Украинада дүйнөдөгү эң узун адам катары саналган Леонид Стадник 24-август күнү 44 жашында дүйнө салды. Бою 2 метр 57 сантиметр болгон Стадник мээсине кан куюлуп каза тапкан.
Ал 12 жашка чыкканда баш сөөгүндө залалсыз шишик бар экени аныкталган. Мындан улам акромегалия же сөөктөрдүн чоңоюп кетүүсүнө түрткү берген ооруга чалдыккан. Ага бир нече жолу нейрохирургиялык операция жасалып, 1-топтогу майып болгон.
Колхоздо ветеринар болуп иштеген Стадниктин кийиминин өлчөмү 70 болсо, бут кийими 62-өлчөмдө болгон. Леонид Стадник дүйнөдөгү эң узун адам катары саналганы менен, расмий түрдө катталган эмес.
Ал 2008-жылы "Гиннесстин рекорддор китебинин" кызматкеринин боюн кайрадан өлчөө сунушунан баш тарткан. Расмий түрдө бою 251 сантиметр болгон түркиялык Султан Кесен дүйнөдөгү эң узун адам деп эсептелет.