Бишкекте окуучулардын жана мугалимдердин бирдиктүү мектеп формасы көрсөтүлдү (фотолор)

Бүгүн, 26-августта Бишкекте мектеп кызматкерлеринин жыйынында мугалимдердин жана окуучулардын бирдиктүү мектеп формасы көрсөтүлдү.
Иш-чарада 1-11-класстардын окуучулары жана мугалимдер мектеп формасын кийип көрүүчүлөрдүн алдына чыгышты. Бишкектин мэриясынын Билим берүү департаментинин башчысы Сауле Мейрманованын айтымында, 1-сентябрдан тарта мектеп форма маселеси тууралуу окуучулардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Айта кетсек, 1-июлда бирдиктүү мектеп формасы боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы окуу жылында кийилүүчү мектеп формасы аныкталды. Финалга чыккан эмгектер эл алдына тартууланып, мыктылары СМС-добуш берүү жана интернет-сайтта добуш берүү аркылуу тандалып алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
momuntay
2014-08-26 12:33:38
Жакшыле экен. Бирок эмне 10-11 класстагылар ушундай кара прямая мини юбка кийишет бекен? Интересно?
+1
anya
2014-08-26 21:41:32
Дагы эле карапайым элдин чонтогун тономойбу анысы аз келгенсип 2500 сом элестет бир уйдо 5 бала окуса 12500 сом кетет экен алар дагы эртен чонойот да же олкобуз онугуп гулдосочу.
0
Russ86
2014-08-27 12:19:50
Туп тууура ушул бирдиктуу форма, бардык окуучулар бирдей тен болот, байы да кедейи да. Антпесе азыркы балдар бири бирине атандашат, начар жашагандардын балдары деле байлардын балдарындай кийингиси келет. Мен он коз караштамын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан