Баткендеги Максат айылынын эли чек арадагы ок атышуудан кооптонуп, жаш балдары менен аялдарын башка жактарга көчүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына Лейлектеги Кулунду айылынын тургуну Шайырбек Орозалиев билдирди.
Айтымында, кечээ, 25-августтагы кыргыз-тажик чегиндеги атышуудан кооптонуп, 5-6 үй-бүлө жакынкы айылдарга түн жамынып чыгып кетишкен.
“Ок атышуу айыл элин түйшүккө салып, кооптонтуп жатат. Ок атышуудан чочулашып, аялдар жаш балдарын алып түндө чыгып кетишиптир. Абал турукташканда кайра кайтып келишет”,- деди Орозалиев.
Айта кетсек, Лейлек районунун Кулунду айылынан Максат айылына баруу үчүн Тажикстандын чек арасын кесип өтүүгө туура келет. Мындан улам Кулунду – Максат унаа жолу курулуп жаткан болчу. Кечээки окуя да аталган унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунан улам келип чыккан.