Жалал-Абад облустук жетекчилеринин арасында “Ынтымак жарчылары” аталышында штабдык машыгуу өттү

Бүгүн, 26-августта Жалал-Абадда облустук жетекчилердин арасында “Ынтымак жарчылары” аталышында штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу машыгуунун төрагасы Нурбек Жээналиев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги Европа коопсуздугу жана кызматташуу уюму менен “Аймира” коомдук фонду аркылуу өткөрүлүп жатат. “Негизги максат өлкөдө болуп жаткан кырдаалдардын, чыр-чатактардын алдын алуу болуп эсептелинет”,- деди ал.

Ошондой эле мындай машыгууларды бир гана бийлик өкүлдөрүнүн арасында эмес, мектеп окуучуларынын, студенттердин арасында да өткөрүү керек экендиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан