Бүгүн, 26-августта Интернационал айылында Кыргызстан менен Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, болуп өткөн окуялардын себептерин жана келтирилген материалдык чыгымдарды талкуулашты. Бул тууралуу Баткен РИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күндүн экинчи жарымында, тактап айтканда, саат 16:00гө экинчи жолугушуу пландалган. Анда чек арада катталган атышуулар боюнча талкуу жүрөт.
Эскерте кетсек, кечээ, 25-август күнү Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган.