Чек ара кызматы: "Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу"

Бүгүн, 26-августта Лейлек районунун Интернационал айылында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушту. Анда кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги абалды стабилдештирүү, буга окшогон чыр-чатактарды болтурбоо маселелери талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын чек ара өкүлдөрү ок атышуу болгон жерди карап чыгышты. Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Эске сала кетсек, кечээ, 25-август күнү Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gulbunai
2014-08-26 18:23:51
мен максат айлында жашайм тажиктер бизге жакын бир жерде куралдарды сактайт ал жерде бардык нерсе бар бугун машиналерди айнектерин Уруп бир портерди куйгузду
0
daniyar93
2014-08-26 18:46:05
gulbunai, сизден сураныч Тоолугураак маалымат берип турунуз бизге?
+1
daniyar93
2014-08-26 18:43:58
Мен Эски оочудан болом жаман окуя болуптур азыр абал кандай Кыргыздардан жаракат алгандар жокпу?
0
sportsmen.boy
2014-08-26 19:54:02
Кыргыз эли кылым эл, андыктан тажиктерге чара корушубуз шарт!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан