Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Түндө эч кандай чыр-чатак катталган жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 27-августта билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн да кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу боюнча сүйлөшүүлөр уланат.
Эске сала кетсек, 25-август күнү Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган.