"Мектептерди эң эле жөнөкөй компьютер менен камсыз кыла албасак, анда эмне иш кылып жатабыз?" деди Ош облусунун башчысы

Ош облусу боюнча 223 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу 26-августта өткөн облустук билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмесинде белгилүү болду.

Облус боюнча 18 миңге жакын мугалим эмгектенет. Дагы 223 мугалим жетишпейт, бул жерде жергиликтүү бийликтин да күнөөсү бар. Негизги себеп - жаш мугалимдерге жетиштүү деңгээлде шарт түзүп бербегендик”,- деди Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле Ош облусунда 39 мектепке компьютер жетишпегендигине да нааразычылыгын кошумчалады: “Биз жаңы мектептерди куруп, билим берүүнү алдыга жылдырабыз деп жатсак, "39 мектепке компьютер жетишпейт" деген маалымат келди. Эң эле жөнөкөй компьютер менен камсыз кыла албасак, анда эмне иш кылып жатабыз, жергиликтүү бийликтин башчылары? Мектептерди компьютер менен камсыз кылуу боюнча атайын долбоорлор, эл аралык уюмдар, демөөрчүлөр, жергиликтүү бюджет деген бар. Ушул жылдын 10-сентябрына чейин компьютер боюнча кемчиликтер жоюлсун”. Бул маселени жоюу боюнча район акимдерине жана өкүлдүн орун басарларына облус башчы тарабынан тапшырма берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jiide.8792
2014-08-27 10:04:16
Эмне Иш кылып журот эленер ичип жепп оз кызыкчылыгынарга иштеп журосунор Тим Эле окуу ачыларда ойгонуп алып суйлошот тоок к####о келгенде какылыктайт болдубу уялбай эмне иш кылып журобуз деп озуно озу суроо беришет тобоо
+5
beast
2014-08-27 10:09:18
кудай буйурса кыргыз атка минерлери бир кун барынар жооп бересинер ушундай кун келет иншааллах
+2
tursunmurat1991www
2014-08-27 10:33:39
Урматуу атка минерлери сиздерден сураныч жаш мугалимдер бары чет олкодо иштеп журот. эмнеге дегенде биздин кыргызстаныбызда маяна аябай аз болуп жаттат маянаны которуп бергилечи жаштар кыргызстанды оркундотолу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан