Ошто 2015-жылдын январь айынан баштап өспүрүмдөр менен иштеген кошумча 40 инспектор жумушка тартылат. Мындай билдирүү 26-августта өткөн Ош шаардык август кеңешмесинде маалым болду.
Анда калаа башчы Айтмамат Кадырбаев 7 айда Ош шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 55 кылмыш иши катталганын, учурда 135 окуучу Ички иштер башкармалыгынын каттоосунда тургандыгын айтты.
Ошону менен катар өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жыл сайын өсүп жаткандыгына токтолуп, калаада инспекторлордун саны жетишсиз, 2015-жылдын январь айынан баштап өспүрүмдөрдү тескеген кошумча 40 инспектор жумушка тартыларын айтып: "Балдардын жүрүм-туруму, тарбиясы бир гана мектептин жоопкерчилигинде эмес, ата-энелердин да милдети",- деди.