Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуп жаткан имараттар ушул күнгө чейин курулушун токтотпой келет

Мындан бир канча ай мурда жүргүзүлгөн рейд учурунда Ош шаарындагы 17 объекттин мыйзамсыз курулуп жатканы маалым болгон. Аларга карата жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн курулушту токтотууга буйрук берилгенине карабай курулуш ишин улантып келишет. “Чындыгында, бул иштер оор болууда, менимче, биздин эл азырынча мыйзам менен иштешүүнү үйрөнө албай жатат көрүнөт. Биз бир чара көрсөк, алар башка чараларды көрүп жатышат. Биздин колубуздан толук кандуу токтотуп коюу келбейт. Аны сот чечет. Ошого биз колдон келгенин жасадык”,- деди Ош шаарынын курулуш иштери боюнча вице-мэр Жапар Ормонов.

Кээ бир мыйзамсыз делген объектилер документтерин мыйзамдаштырганын вице-мэр кошумчалады.

Эскерте кетсек, Оштогу мыйзамсыз курулган үйлөр чектөөлөргө карабай курулушун улантып келери айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lexus-2014
2014-08-27 15:18:27
owol 17 obekt kaysyl ko4olordogy uylor boldy eken kaydan bilsek bolo.t ???
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан