Эртең, 28-августта электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Чүйдүн жана Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Бакай-Ата (Наристе, Кошой көчөлөрү), Ак-Босого (Чүй көчөсү) жаңы конуштарында, Коммунаров, Рижская, Кудрук, Берёзовая, Жибек Жолу, Боталиев, Щербаков, Маликов, Совхозная, Алыбаев, Захарьев, Виноградная, Ломоносов, Күрөңкеев, Үмөталиев, Павлов, Жумабек көчөлөрүндө жана Саратовский тар көчөсүндө “МРЗ”, “Северная”, “Молодогвардейская” көмөк чордондордон тараган 10/6-0,4 кВт аба электр чубалгылары жана №2111-көмөк чордону оңдолот. Ошондой эле №157, 361, 3405, 3012-чордондон тараган 0,4 кВт өзүн көтөрүп туруучу зымдар монтаждалат. Оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясынын өчүрүлүшү күтүлүүдө.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Восток (Ленин, Советская, Энгельс, Мирная, 60 лет Киргизии, Озёрная, Степная, Сейтек, Семетей көчөлөрү), Лебединовка (Мичурин, Восточная, Чапаев, Северная, Киров, Комсомольская, Октябрьская, 8-Март, 9-Май, Пионерская, Чуйская көчөлөрү, Ленин жана Победа чоң көчөлөрү, Ош, Нарын, Набережная, Манас көчөлөрү), Маевка (Жаш Гвардия, 8-Март, Октябрьская, Курманалиев, Набережная, Молодёжная, Ала-Арча, Арык, Тепличная көчөлөрү), Таш-Төбө (Горький, Ленин, Подгорная, Южная, Совет, Колхоз, Карпинск, Бегельдинов, Ала-Тоо, Каракол, Ак-Булак), Кашка-Суу, Арашан (Борбордук, Титов, 8-Март, Спортивная, Садовая, Генерал Акмат көчөлөрү), Көк-Жар (Матыев, Нурмамбетов, Үмөталиев, Арпачиев, Полевая көчөлөрү), Ленин (Линейная көчөсү жана ПМК-3), Бирлик (Токтогул, Новая көчөлөрү), Васильевка (Комсомольская, Фрунзе көчөлөрү) айылдарында; Москва, Сокулук, Жайыл районундагы айрым көчөлөрдө аба электр чубалгылары оңдолот. 28-августта Бишкек шаарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери улантылат.