Нефритти камтыган жаратылыш таштарын сатуу боюнча ачык аукцион жыйынтыкталды. Аукцион 25-июлда башталып, 25-августта жыйынтыкталган. Бул аралыкта 3 жеке жана юридикалык жактан 3 билдирме келип түшкөн.
Натыйжада 10 миллион 118 356 сом өлчөмүндөгү эң жогорку бааны сунуштаган Кемелбек Норузбеков аукциондун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы №271-б буйругу менен мамлекеттин кирешесине алынган нефритти камтыган 16 600 килограмм салмактагы жаратылыш таштарын алуу жана сатуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлгөн.
"Комиссия тарабынан көрсөтүлгөн жаратылыш таштарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүү чечими кабыл алынып, старттык баа (8 618 653 сом) жана аукцион кадамы белгиленген" деп айтылат маалыматта.