Ош облусунда кышка даярдыктар жүрүп жаткандыктан, мал тоютун, көмүр ташыган унаалар жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулбайт. Мындай билдирүүнү бүгүн, 28-августта Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, облус башчысы Сооронбай Жээнбеков кышка даярдык көрүү максатында мал тоютун, көмүр, мал жандыктарын ташыган унаалар жол-кайгуул кызматы тарабынан токтотулбасын деген сунушун киргизген. Аны Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ашым Тагаев карап чыккан, бирок Ички иштер министрлигинин буйругу чыга элек.