Сокулукта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жыгач устакана ачылды

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Чүй облусунун Сокулук районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ачылган жыгач устакананын ачылышына катышты. Бул тууралуу 28-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Устакананын ачылышында министр жаш майыптар бирикмесине майыптар арабасын тапшырды.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын экономикалык жактан көз карандысыз болушуна шарт түзүү - жалпыбыздын милдетибиз",- деди Кудайберген Базарбаев.

Компьютердик классы бар жыгач устакана АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Каутерпарт Косорциум фондунун колдоосунда ачылып, 24 адам жумуш менен камсыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан