Айыл жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев кечээ, 27-августта Кытай Эл Республикасынын “YTO GROUP” инвестициялык компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алып, оозеки сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кытайлыктар Кыргызстанга ЮТО тракторун чогултуу борборун ачуу жана чакан ГЭС куруу сунуштары менен келишкен. Министр жакында Кытайга болгон иш сапарында үнөм берүүчү 20 тонна баткан прицепти көргөнүн айтып, Кыргызстанда ошондой прицеп болсо дыйкандарга ыңгайлуу болорун белгиледи. Ал эми ГЭС куруу маселеси боюнча адистерди жөнөтүп, аймактарды кыдырып көрүүнү сунуштады.