Бүгүн, 28-августта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында эки тараптуу маселелер жыйындысын кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги 13-жыйыны өтүүдө.
Ага Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим жетектеген делегация, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев баштаган кыргыз жана тажик комиссия мүчөлөрү, ошондой эле чакырылган тармактык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, өнөр жай ишкана жетекчилери катышууда.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйында буга чейинки отурумда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, чек ара аймагындагы ресурстарды колдонуу жана чек арадагы чырлардын алдын алуу жаатындагы маселелер каралат.