Бишкектин жаңы конуштарындагы 400 балага ылайыкташкан чыгармачылык борбор ачылат

30-августта Бакай-Ата конушундагы “Модуль” мекемесинин административдик имаратында Свердлов райондук балдардын чыгармачылык борборунун филиалы ачылат. Ошондой эле шаардык №85-орто мектепте бий залынын ачылышы өтөт. Бул тууралуу 28-августта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук администрациясы тарабынан административдик имараттын 12 бөлмөсү оңдоодон өткөрүлдү. Ал жерде жаңы конушта жашаган 400дөн ашуун бала ар кандай багыттагы ийримдерге катыша алышат. Балдардын чыгармачылык борборунун филиалынын жана бий залынын ачылыш аземине Свердлов райондук администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан