Бишкек мэриясы: "Октябрь районундагы мектептер жаңы окуу жылына даяр"

Октябрь райондук администрациясы жана райондук Билим берүү борборунун билдирүүсү боюнча, бардык билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу 28-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрь райондук администрациясы тарабынан мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2014-2015-окуу жылына даярдыгын текшерүү максатында атайын комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына Октябрь райондук администрациясынын, Билим берүү борборунун, Бишкек шаарынын Мамлекеттик өрт өчүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери кирип, райондун мектептеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерип чыкты. "Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептердин оңдоодон өткөрүлгөнү, жылытуу системи кыш мезгилине даярдалып, окуу кабинеттери керектүү жабдуулар (такта, стол, отургучтар, жарыктандыруу) менен жабдылгандыгы жана окуу, адабий, илимий китептер менен толукталгандыгы белгиленди" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан