Жалал-Абад элин кышка карата көмүр менен камсыз кылуу маселеси кабатырлантууда

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 27-августта Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жана жергиликтүү калктын өкүлдөрү менен жолугушту.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аймактын тургундары ушул кезге чейин чечилбей келаткан бир катар көйгөйлөрдү, анын ичинде пенсия менен жөлөкпулдарды көбөйтүү жана аларды өз маалында берүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле үстөк пайызы өтө жогору насыя компанияларынын ишин жөнгө салуу, аларга көзөмөлдү күчөтүү сунушу берилди.

Андан сырткары жергиликтүү тургундарды кышка карата көмүр жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси да кабатырлантып жатканы белгилүү болду. Эл өкүлү аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарына аталган көйгөйлөрдү тезинен чечүү тапшырмасын бере турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2014-08-28 15:31:31
Иш жок бийликтегилерге митинк чыкса бара албайтко жолуканы эми жолугуптурбу эл менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан