31-августта Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет

31-августта Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 28-августта билдирди.

Алсак, Абдрахманов көчөсү Токтогул көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;

Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Токтогул көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Тоголок Молдо көчөсү Токтогул көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;

Киев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Чүй проспекти Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

Термечиков көчөсү Гагарин көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнө чейин жабылат. 

Буга байланыштуу Жол-кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырат.

Айта кетсек, 31-август күнү Бишкек шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү белгиленет. Ошондой эле “Аккула” ат майданында көк бөрү боюнча КРнын Президентинин кубогу үчүн мелдеш болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан