Ош шаарында эл арасында айтылып жаткан "кыш мезгилинде электр энергиясы суткасына 4 сааттан берилет экен" деген маалыматты бүгүн, 28-августта "Ош электр" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Талгат Алиханов жокко чыгарды.
“Газ жок болгонуна байланыштуу электр тармагына күч келери бышык, бирок электрдин тартыштыгына карабай электр энергиясы толук көлөмдө берилет",- деди ал.
Кышкысын электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Чектөөлөр үч фазалуу токту колдонуучуларга гана киргизилерин кошумчалады.