2-13-сентябрь күндөрү КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн биргелешкен кадрдык аскерди даярдоо базасында жогорку аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнүн илимий методикалык чогулушу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта КРнын Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган иш-чарада тактикалык, физикалык жана катарга тизилүү боюнча машыгуулар пландалган. Чогулушта негизинен тактикалык даярдыкка көңүл бурулат. Мындан тышкары катышуучулар үчүн маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулат.