Эртең Чүйдүн жана Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 29-августта Чүй облусунда жана Бишкек шаарында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу 28-августта "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдирди.

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Бородин, Нарвск, Маликов, Совхоз, Алыбаев, Захарьев, Виноградная, Ломоносов, Коммунаров, Мидин, Серафимович, Дооронбек Садырбаев көчөлөрүндө, Саратов тар көчөсүндө, Көлмө жаңы конушунда көмөк чордондон тараган зымдар монтаждалат. Аба чубалгылары тартылып, тоскоол жараткан бак-дарактар кыркылат. Буга байланыштуу аталган аймакта электр энергиясын өчүрүлүшү ыктымал

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь, Виноградное, Полевое, Кайырма, Кырман, Маевка, Аламүдүн, Воронцовка, Кой-Таш, Кызыл-Бирлик, Таш-Мойнок, Көк-Жар айылдарында жана Туңгуч жаңы конушунда, Кара-Балта шаарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. Ошондой эле борбор калаада "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан