Кытайда 15 жаштагы "жираф адамга" операция жасалат

Кытайдагы 15 жаштагы Фу Венгуй төрөлгөндөн тартып омуртка сөөктөрүнүн кыйшайып өсүүсү менен ооруп келет. Анын башка адамдарга салыштырмалуу ашыкча үч омурткасы бар. 

Бул дарт өспүрүмдүн кыймылына тоскоол жаратып, классташтарынын арасында шылдыңга калтырууда. Көчөдөгү адамдардын таң калуусу, окуучулардын жасаган мамилеси анын коомчулукка аралашуусуна жана окууда жетишүүсүнө терс таасирин тийгизип келет. 

Жакында кайрымдуулук жасаган уюмдардын көмөгү менен моюну узун өспүрүмгө операция жасалат. Бул тууралуу 28-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Фу Венгуйдун атасы: "Кадимки адамдын моюнунда жети омуртка болсо, менин баламда он омуртка бар. Бул анын моюн клеткаларын кысып койгондуктан, ал кыйналып басып жатат. Канча жылдан бери ооруп келди. Операция аркылуу анын ашыкча омурткалары алынарына үмүт кылабыз",- дейт. Пекиндеги кайрымдуулук уюмдарынын бири баланын операциясына каржылык көмөк көрсөтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Boldukan86
2014-08-28 23:13:33
операция ийгиликтуу болсун
+1
Ak_TiLeK
2014-08-29 11:15:51
Оа силерде ийгилик
0
WINNER
2014-08-30 00:02:06
Тообо кылдым. Бала берсе деле ден-соолун кошо берсинчи!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан