Эртең Чүйдө Эгемендүүлүк күнүнө карата белгилүү ишмерлердин айкелдеринин ачылыш аземи болот

Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата эртең, 29-августта Чүй облусунун Кемин районунда белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, мурдагы өкмөт башчылары Арстанбек Дүйшеев жана Жумабек Ибраимов, атактуу академиктер Болот Юнусалиев, Санжарбек Данияровдун айкелдеринин ачылыш салтанаты болот. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. 

Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган депутаттар, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, министрлер, коомдук ишмерлер, айылдык кеңештин депутаттары, жергиликтүү жашоочулар жана эстелиги орнотулган белгилүү инсандардын жакын туугандарынын катышуусу күтүлүүдө.  

Скульптор Аскар Турумбеков тарабынан даярдалган айкелдер Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Шабдан-Ата комплексинде орнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан