Бүгүн, 28-августта эгемендүүлүктүн 23 жылдыгына карата Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин арасында автомат, тапанчадан ок атуу боюнча достук мелдеши болуп өттү. Анда “Супер-Инфо” гезитинин кабарчылары байгелүү орундарга ээ болушту. Алсак, эркектер арасында автомат менен ок атуу боюнча “Супер-Инфо” гезитинин шеф-редактору Нурбек Абдыкадыров 1-орунду, кабарчы Кубаныч Сыдыков тапанча менен ок атууда 2-орунду алса, кабарчы Уулбү Каныбекова айымдар арасында тапанча менен ок атууда 3-орунга, автомат менен ок атууда 2-орунга ээ болду. Мелдешке жалпысынан 32 журналист катышкан.
Ошондой эле журналисттерге ок атуучу куралды колдонуу эрежелери айтылып, согуш болуп жаткан жерлерде кантип коргонуш керек экендиги көрсөтүлдү.
Мындан сырткары армиядагы жоокерлердин жүгүн, тактап айтканда, ар бир куралды атууда кандай кыйынчылыктар болорун жон териси менен катардагы жарандар сезсин деген максатта пулемёт, СВД, Вал, РПК, Кедр өңдүү куралдарды каалоочуларга аттырышты.