Активист Атай Садыбакасов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Рапопорт аллеясында жергиликтүү бийлик унаа токтотуучу жайды куруш үчүн бак-дарактарды кыйып жатканын бүгүн, 28-августта интернет аркылуу жарыялады.
Анын айтымында, унаа токтотуучу жай Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнуна даярдалууда. Буга облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жооп кайтарды. Мекеменин билдиришинче, куурап калган бак-дарактар гана кыйылууда. “Чолпон-Атада эч кандай унаа токтотуучу жайдын курулушу пландалган эмес. Учурда Рапопорт аллеясы начар абалда. Бардык бак-дарактардын 40-50 пайызы куурап калган. Алар 1930-жылы отургузулган. Аларды кыюу иш-чаралары Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин көзөмөлүндө. Жалпысынан кургап калган 178 терек кыйылышы керек. Алардын ар бирине белгилер коюлган. Бир теректи кыйыш үчүн 5,6 миң сом кетет. Аларды кыюу иш-чараларын буга чейин жыл сайын өткөрүш керек болчу, бирок акча каражаттын жетишпегендигинен муну аткарууга мүмкүн эмес болгон”,- деп түшүндүрдү мекемеден.
Бирок сүрөттү карап, кыйылып жаткан бактардын баары куураган деп айтууга болбойт. Куурабагандары да кыйылып жатканы көрүнүп турат. Куураган бактар гана кыйылып жаткан болсо, коомчулуктун аны талкууга алары күмөн эле.