Бүгүн, 29-августта кеңейтилген жыйында КРнын МАИсинин башчысы Талантбек Исаев “2005-жылы Кыргызстан боюнча 400 миң унаа катталган болсо, бүгүнкү күнү 1 миллион 40 миң унаа каттоодон өткөн” деп билдирди.
Анын айтымында, 2000-жылы 25 миң, ал эми 2013-жылы 150 миң айдоочуга күбөлүк берилген. “Акыркы жылдардын ичинде Кыргызстанда унаалардын санынын кескин түрдө өсүшү байкалууда. Бул унаа сатуу боюнча бизнестин өнүгүшүн билдирет. Бул жакшы көрүнүш. Ошол эле учурда унаалардын санынын өсүшү менен жол кырсыктарынын саны да өсүп келет”,- деди Исаев.
“2014-жылдын 7 айдын ичинде 3850 жол кырсыгы катталса, 2013-жылы аталган мөөнөттө 3654 жол кырсыгы катталган. Ал эми 2000-жылы 3 миңге чукул жол кырсыгы орун алса, 2013-жылы 7412 жол кырсыгы катталган”,- деп түшүндүрдү МАИнин башчысы.