Бүгүн, 29-августтагы маалымат жыйынында Нарын облусунун тургуну Бактыгүл Жумабаева өкмөткө коюлган үч талапты айтып, алар өз убагында аткарылбаса, нааразылык акциясы башталарын айтты.
Анын айтымында, Нарын элинин мындай кадамга барышына үч себеп түрткү болгон: облустагы күз-кыш мезгилине даярдыктын начардыгы, электр энергиясы боюнча өкмөттүн чечими жана Нариман Түлеевдин абакта кармалып отурушу.
Ошондой эле жогорудагы талап менен 10-сентябрдан тартып тынч митинг өтөрүн, жыйынтык чыкпаса, 16-сентябрдан баштап жол тосуларын кошумчалады. "Депутаттардын кышка даярдыгын айтып жатасыңар. Элдин даярдыгын да көргөзбөйсүңөрбү? Нарындагы 11 депутат өкмөткө шылтап коюп отурат. Жол тосуулар элге терс таасирин тийгизбейт. Кытайдан келе турган жүк ташуучу унааларды өткөрбөйбүз",- деди ал.