Ош шаарында "Көңүл бургула, балдар!" аттуу рейд жүрүүдө. Ал 20-августта башталган, 20-сентябрга чейин созулмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Ош шаардык жол-кайгуул кызматынан маалымдашты.
Анда маалым болгондой, иш-чара жаңы окуу жылына карата окуучулар арасында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өтүүдө. Учурда 57 мектептин алдына Ош шаардык жол-кайгуул кызматынан бирден кызматкер көзөмөлдөөгө бекитилип, жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштерди алып барышууда.
Мындан сырткары азыр шаардын кең көчөлөрүнө "Көңүл бургула, балдар!" аттуу жарнактар илинген.
Эскерте кетсек, жыл башынан бери түштүк аймагында 275 жол кырсыгы катталса, анын 62си өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон.