Бүгүн, 29-августта Жол кайгуул-кызматынын башчысы Талантбек Исаев “жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн маршруттук таксилерде туруучу орундар болбош керек” деп мисалдарды келтирди.
Анын айтымында, Унаа-транспорт жөнүндөгү кодекстеги туруучу орундар боюнча беренеге толуктоо, өзгөртүү жана түшүндүрүүлөрдү киргизиш керек. “Мыйзам жагынан биз утулуп калдык. Анткени Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери маршруттук таксилерде кармагычтарды орнотууга уруксат бергенбиз. Маршруткаларда туруучу орундарга техникалык жактан уруксат жок”,- деп билдирди.
Андан соң ал ИИМ академиясынын курсанттарынын курман болгонуна себеп болгон жол кырсыкты мисал келтирди. “Бул жол кырсыкка кабылган кичи автобустун ичинде 40 курсант болгон. Алардын 8и каза таап, 22си жаракат алган. Буга экинчи унаанын айдоочусу күнөөлүү. Бирок кичи автобуста жүргүнчүлөр абдан көп болгондуктан, унаа оордугунан кулап түшкөн. Эгер жүргүнчүлөрдүн саны талапка ылайык келген болсо, кичи автобус кулабайт болчу”,- деди МАИнин башчысы.
“Албетте, бүгүнкү күнү маршруттук таксилер жүргүнчүлөрдү толтуруп алышып, жүргүнчүлөр кулап жатканын байкап жүрөбүз. Ошондуктан буга чек коюш керек”,- деди.