Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мыкты кызматкерлери сыйланышты

Бүгүн, 29-августта КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин өздүк курамы менен атайын жыйын өткөрүп, анда аткарылып жаткан жумуштарды мындан ары кечиктирбей алдыга жылдыруу боюнча тапшырмаларды берди. “Каржынын тартыштыгына, техникалардын эскилигине карабай министрликтин иши мерчемделген мөөнөтүнөн кечикпей аткарылууда. Мындай учурда мыкты иштеген кызматкерлердин аттарын атап, алардын эмгегин өз учурунда баалап турушубуз керек”,- деди министр Кубатбек Боронов.

Министрдин буйругуна ылайык, ӨКМнын Ардак грамотасы менен КРнын ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы, майор Нурлан Баймуратов, КРнын ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун башчысы Тариел Келдибеков, КРнын ӨКМнын калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Абдишарип Бекилов сыйланышты.

Ал эми КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси менен КРнын ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча регионалдык департаментинин директору Алишер Мамытов сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aitunuk
2014-08-30 23:37:11
Кеңседе отурган кызматкерлер эмес, кырсык болгон жерде күндөп-түндөп жүргөн куткаруучулар - өрт өчүрүүчүлөр сыйланыш керек эле. Чыныгы сыйлыктын ээлери - ушулар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан